Сулейман ажы Шерматов: “Намаз пендени Аллага жакындаткан эң улуу амал”

Ош облустук казыятынын кызматкери, доцент Сулейман ажы Шерматов ОшМУнун финансы юридикалык колледжинин теология бөлүмүнүн студенттерине билим берүү праграммасынын профессордук окутуучу курамдын иш берүүчүлөр менен кайтарым байланышты бышыктоо жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган окуу усулдук, методикалык иш-чарага катышып, намаздагы макүрөө амалдар боюнча лекция окуду.

“Намаз — пендени Кудайга жакындаткан эң улуу амал. Ошондуктан пенде намазга турганда жан-дүйнөсү менен берилип, чын ыкласы менен Аллага табынуусу зарыл. Аны менен эле бирге, намазда жаман көрүлгөн, макүрөө аталган амалдарды аткарбаса, аят-хадистерде айтылган сооптор берилет”, — деди Сулейман ажы Шерматов.