«Аль-Бир» фонду аз камсыз үй-бүлөлөргө орозо баштыктарын таратты

«Аль-Бир» региноналдык коомдук кайрымдуулук фонду КМДБ менен биргеликте аз камсыз үй-бүлөлөргө Рамазан баштыктарын тапшырды. Аталган саамалыкка катышкан Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров «Аль-Бир» региноналдык коомдук кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирди:

«Берген кол алган колго караганда жогору» дейт пайгамбарыбыз өз хадисинде. Дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде жашаган мусулман бир туугандарыбыз рамазандык жардам жолдошуптур. Жардамды уюштуруп, өз дарегине жеткирүүгө себепчи болгон «Аль-Бир» фондуна ыраазычылык. Учурда куттуу орозонун соңку күндөрүндө турабыз. Алла Таалам Рамазандын урматына жардам жолдогондорго береке берсин».

Ал эми «Аль-Бир» региноналдык коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Али аль-Аюби жалпы Кыргызстан мусулмандарын алдыдагы орозо айт майрамы менен куттуктап, кыргыз элине тынчтык каалады.

Эскерте кетсек, аталган фонд өткөн жылы да байма-бай кайрымдуулук иш-чараларын уюштурган.