Бекназар ажы Жапаров: “Бир коомдон бир жакшылык алынса ал эч качан кайтып келбейт”

Ош облусунун Ноокат районунун Гулистан айыл аймагындагы “Молдо Эрназар” жума мечитине заманбап, бардык керектүү шарттары менен жалпы суммасы 2 000 000 сомду түзгөн даратканка курулуп, ишке берилди.

Аталган мечитке райондун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров барып, жергиликтүү эл жана курулушка салым кошкон демөөрчүлөр менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Бекназар ажы Жапаров демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирип, төмөнкү маселелерге токтолду:

“Суу — өмүрдүн булагы» деп даанышман элибиз бекеринен айткан эмес. Суусуз жашоону элестетүү болбойт. Жер шаарынын 70% суу ороп турат, анын 3% гана ичүүгө мүмкүн болсо, калганы туздуу суу. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк эң чоң көйгөйлөрдүн бири таза суунун жетишсиздиги. Андыктан берилген нематтарды кадырлап, сууну сарамжалдуу колдонолу. Себеби бир коомдон бир немат, жакшылык алынса, ал эч качан кайтып келбейт”.