Жолдошбек ажы Абдылдаев Азирети Муфтийдин орун басары кызматына дайындалды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев Азирети Муфтийдин орун басары кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол коюп, жаңы дайындалган орун басарды бүгүн, 8-апрель күнү жамаатка тааныштырды.

Абдылдаев Жолдошбек Муканович 1982-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында жарык дүйнөгө келген. 1989-жылы Дөң-Алыш айылындагы орто мектепке кабыл алынып, 1999-жылы аяктаган.

Билими:

2000-ж. Чүй облусунун Чүй районундагы Искыра айылындагы ПЛ-61 (профессионалдык лицей) лицейде фермердик чарбасынын бир жылдыгын бүткөн.

2001-2003-ж.ж. Бишкек шаарындагы Кыргызстан Ислам университетинин эки жылдыгынын шарият факультетинде окуган.

Ал эми 2003-2008-ж.ж. ошол эле университетте 5 жылдык жогорку диний билим алган.

2013-2017-ж.ж. И. Арабаев атындагы КМУнун теология факультетин аяктаган.

Ал эми 2019-2021- ж.ж. ошол эле окуу жайдын телогия факультетинде магистратурасын жактаган.

Эмгек тажрыйбасы:

2009-2011-ж.ж. ККФ «В.А.М.» демилгеси менен Чүй районуна караштуу Мыкан айылындагы мечитте сабак берип, жума намазын алып барган.

2011-2016-ж.ж. КМДБнын Даават бөлүмүнүн адиси кызматын аркалаган.

Ушул эле жылдар аралыгында КМДБ тарабынан уюштурулган диний үгүт-насаатчылардын билим деңгээлин көтөрүүгө багытталган окуу курсунунун окутуучусу болгон.

2016-жылдан ушул күнгө чейин КМДБнын Ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

Үй-бүлөлүү; 3 уул, 2 кыздын атасы.