Азирети Муфтий: «Орозо айт мусулман кыргыз эли чыдамсыздык менен күткөн майрам»

Бүгүн, 8-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров бөлүм башчыларга жыйын өткөрүп, бир катар маселелерди талкуулап, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Жыйында каралган маселелер:

— Орозо айт майрамын жогорку деңгээлде өткөрүү жана айт намазын жума мечиттеринде уюштуруу;

— Фитир-садакаларды жыйноо жана калайыкка отчет берүү;

— Фитир-садакаларды шарият белгилеген орундарга жеткирүү;

— Диний жаатта сапаттуу кызмат көрсөтүүгө жетишүү;

— Диний кызматкерлердин компетенциясын жакшыртуу, ротациялоо ж.б.

«Орозо айт майрамы исламдагы эки улуу майрамдын бири. Кыргыз элибиз илгертен эле айт майрамына зор маани берип, бири-биринин үйүнө айтташып, куттук айтышып, белек беришип, айтор кадимкидей майрамдашкан. Ушул маданияттын кайрадан жанданып, калайыкка, өзгөчө жаштар арасында таралышына аракет кылышыбыз керек», — деп билдирди Азирети Муфтий жыйында.