Абибилла ажы Кадырбердиев Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушту

Бүгүн, 8-апрель күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев менен жолугушту.

Жолугушууга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров жана казыят кызматкерлери катышты.

Жолугушууда облус казысы өкүлдү келе жаткан орозо айт майрамы менен куттуктап, мындан ары жигердүү, тыгыз иштешүүгө ынтызар экендигин билдирди. Аны менен катар Ош облусунун аймагындагы мечиттердин курулушу, эмдөө маселелери жана айт намазына келген элдердин коопсуздугун камсыздоо боюнча маселелер талкуланды.

Иш-чара соңунда Абибилла ажы Кадырбердиев Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаевге Ыйык Куран китебин белек кылды.