Ысык-Атада 30 адамга кайрымдуулук көргөзүлдү

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Кригшелк айылынын «Айша» мечитинин имамы  Хайтбай Пайшековдун демилгеси менен айылдагы 30 үй-бүлөгө  азык-түлүк таратылды. Иш-чарага «Катар» кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк кылды.

«Адамга жардам берүү чоң жетишкендик. Муктаж кишиге сүйүнүч тартуулоого ар дайым эле мүмкүнчүлүк боло бербеши мүмкүн. Андыктан мүмкүнчүлүк болору менен жакшылыкта жарышып калалы», – деп билдирди айыл имамы Хайтбай Пайшеков.