“Таштемир ажы” медресесинде ден соолук боюнча лекция өткөрүлдү

Кызыл-Кыя шаарындагы “Таштемир ажы” медресесинде студенттерге багытталган “Ден соолукка кам көрүү” аттуу лекция өткөрүлдү. Жыйында дарыгер Азамат Жороев ден соолукту сактоо керектигин эскертип, ислам дининде да ден соолук маанилүү орунда экендигин белгиледи.

“Ислам дининде ден соолукка кам көрүүнү, коркунуч туудура турган ар түрдүү зыяндардан сак болууга аракет кылууну тобокелге каршы эмес деп эсептейт. Адам ооруган учурда дары кабыл алуусуна же ар кандай медициналык жардам алуусуна уруксат берет. Ошондой эле пайгамбарыбыздын (с.а.в.) көптөгөн хадистеринде ооруган учурда дарылануу жана ден соолукту сактоо боюнча айтылат”, – деди медресе мүдүрү.

Иш-чара суроо-жооп форматында уланып, студенттер өз суроолоруна жооп алышты. Ал эми медресе студентерине убакыт бөлүп, пайдалуу кеңештерин айткандыгы үчүн медресе жамааты Азамат Жороевге ыраазычылык билдиришти.