Талас казыятында 100 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк баштыгы таратылды

Узап бараткан орозо айынын соңку күндөрүндө Талас облусунун мусулмандарынын казыятында 100 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк баштыгы таратылды.

Кайрымдуулук иш-чарасы Талас облусунун мусулмандарынын казыятынын демилгеси жана жеке ишкер Нуржан Атакановдун колдоосу менен уюштурулду.

Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев катышуучуларды жаңырган орозо айты менен куттуктап, буларга токтолду:

«Кайрымдуулуктун, берешендүүлүктүн айы болгон Рамазан узап баратат. Жакшы күндөрдө кайрымдуулукка кол сунган жеке ишкер Нурлан Атакановго ыраазычылык билдиремин. Алла Таалам кылган кайыр-ихсанын кабыл кылып, тапкан-тутканына береке берсин».

Облус казысы жардам алып жаткан үй-бүлөлөргө бул дүйнө сыноо жашоо экенин, Аллах Тааланын тагдырына ыраазы болуп, шүгүр кылып жашоо керек экенин баяндады. Иш-чара соңунда жалпы дуба кылынды.

Айта кетсек, бул саамалыкта 100 үй-бүлөгө таратылган ар бир баштыкчанын наркы 2000 сомду түздү. Ал эми кайрымдуулуктун жалпы суммасы 200000 сом болду.