«Ала-Тоо», «Ала-Тоо 2» медреселери ишембилик өткөрүштү

Кечээ, 9-апрель күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Ала-Тоо» балдар медресеси, «Ала-Тоо 2» кыздар медресесинин мугалимдер жамааты жана студенттери КМДБ жетекчисинин тапшырмасынын негизинде жума сайын окуу жайлардын тегерегин, айылдагы коомдук жайларды, көчөлөрдү тазалашып, көчөттөрдү отургузушту.

«Тазалык – бул ыймандын жарымы демекчи, динибизде тазалыктын орду чоң. Ошондуктан биз колдон келишинче өзүбүз да таза болууга жана башкаларды да тазалыкка чакырууга милдеттүүбүз», – деп билдирди медресе мүдүрү Тумар ажы Ширахунов.