Кулундуда жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы уюштурулду

Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында 1991-жылы туулган жигиттердин демөөрчүлүгү астында «Куран жазы» аталышындагы 30-парадан Куран жарыш конкурсу жана Куранды кооз окуу конкурстары өткөрүлдү.

Жарышка Ибрахим Кадыров, Султан кары Гапаров, Аскар кары Карабаев жана Абдуразак кары Шамшидин уулу калыстык кылышты.

Жыйынтыгында төмөнкү катышуучулар жеңишке ээ болушту:

 30-парадан байгелүү орун алгандар:

1-орун – Муханатжанов Абдуллах                           

2-орун – Абазов Эолияр                          

3-орун – Абубакиров Кадыр

4-орун – Мухаммадов Зулкайнар

Кооз окуу конкурсу боюнча:

1-орун – Сулайманов Бекзат

2-орун – Маннапов Рамазан

3-орун – Сатыбалдиев Фирдаус

4-орун – Асадов Даниель

Жеңишке ээ болгон катышуучуларга баалуу жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.