Жети-Өгүз районунда жаш балдар арасында Куран жарышы өттү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун хатибиятынын уюштуруусу менен Жон-Булак айылында жаш өспүрүм балдар арасында Куран жарышы болуп өттү. Аталган саамалыкка облустук казыяттын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Талгат Соноев, Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу, Каракол шаарындагы «Абу Бакр» мечитинин имамы Анарбек Меирманов жана Жон-Булак айылынын имамы Миржан Эдилов катышып, калыстык кылышты.

Жарыш Курандын бир парасы (30-бөлүк) боюнча жана Курандын акыркы 20 сүрөсүнөн өткөрүлдү. Сынак облустук деңгээлде уюштурулуп, жалпы 50 бала катышты.

Куран конкурста алдыңкы орунду ээлеген балдарга баалуу белектер, медалдар жана жаш конкурстанттарды шыктандыруу максатында акчалай сыйлыктар берилди.

Баш имам-хатибдин билдирүүсүнө караганда, аталган сынакка Жон-Булак айылынын 1996-жылы туулган жаштары демөөрчүлүк кылышкан. Иш-чара соңунда Жети-Өгүз районунун хатибияты тарабынан демөөрчүлөргө ыраазычылык баракча тапшырылды.