Чүйдө мүдүрдүн демилгеси менен 300 кишиге жардам көрсөтүлүп, 300 түп көчөт тигилди

Чүй облусунун Москва районундагы «Таштан ажы» медресесинин мүдүрү Махамадали ажы Махмашариповдун демилгеси менен Москва районунун тургундарына 300 муктаж үй-бүлөгө 300 кап ун, 3 тонна күрүч, 3 тонна суу май таратылып берилди. Ошону менен катар медресе окутуучулары жана студенттери айылдагы муниципалдык жерди тазалашып, 300 түп карагай көчөтүн отургузушту.

«Аллах Таала ыйык Куранда, «Жакшылыкта, такыбалыкта бири- бириңерге көмөктөшкүлө» деп буйруган. Бул өмүргө бир ирет жаралат экенбиз. Мындан улам биз бири-бирибизге жакшылыкты гана каалайлы. Албетте жакшылыктын сыйлыгы бир гана жакшылык», – деп билдирди «Таштан ажы» медресесинин мүдүрү Махамадали ажы Махмашарипов.