Кызыл-Кыя шаарында мектеп окуучуларына терс диний агымдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкамалыгы тарабынан берилген тапшырмаларга жана Кыргыз Республикасынын Копсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу максатында Кызыл-Кыя шаарындагы мектептерде шаардык хатибияттын кызматкерлери, укук коргоо органдары, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери мугалимдер жана окучулары менен жолугушуу өткөрдү.

Окуучулар менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө адистер окуучуларды ар кандай агымдардан оолак болууга чакырып, экстремизм, терроризм боюнча түшүнүк берди. Ал эми Кызыл-Кыя шаардык хатибияттын кызматкери Бактият Солтонбек уулу ислам дини экстримизмге каршы экендигин, ханафи мазхабы, мусулмандын адеп-ахлагы, ата-эненин орду, мугалимдерди урматтоо, өзүнүн жанына кол салуунун кесепети темаларынын алкагында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Муну менен катар жолугушуу суроо-жооптор менен коштолуп, жыйындын соңунда мектеп директору жана мугалимдер адистерге ыраазылыктарын билдиришип, мындай иш чараларды тез-тезден уюштуруп турууну суранышты.