Чолпон-Ата шаарында өспүрүмдөр арасында Куран жарышы уюштурулду

Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында жаш балдар арасында Куран жарышы болуп өттү. Сынакка Ысык-Көл районунун аймагындагы айылдардан келеген өспүрүмдөр катышты. Конкурсанттардын айылдардагы имамдардан сабак алып Куран жаттап жаткан балдар экенин казыяттан билдиришти.

Куран конкурска жалпы 28 бала катышып, калыстар тобунун чечими менен алдыңкы деп табылган балдарга акчалай сыйлыктар жана Куран китеби белекке берилди. Сынак жаш курак негизинде эки категорияда; 1-6-класстын окуучулары жана 7-11-класска чейинки балдар арасында өткөрүлдү.

Жыйынтыгында кичүүлөр арасында:

1-орун – Асанов Хузайфа

2-орун – Кылычбеков Актан

3-орун – Кылычбеков Атай

Ал эми улуу балдар арасында:

1-орун – Эшенканов Айдин

2-орун – Жыргалбеков Нуриддин 

3- орунга Сталбеков Илгиздер ээ болушту.

Куран жарыш саамалыгына Ысык-Көл райондук администрация жетекчилигинен жана имамдар катышып, жеңүүчүлөрдү кызуу куттукташты.