Ысык-Көлдө «Өмүр – аманат» аттуу акция жыйынтыкталды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Ысык-Көл облусутук казыяты КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун  камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте орозонун соңку күндөрүндө «Биз менен бирге ооз ачыңыз» жана «Өмүр — аманат» аталышындагы акциясын өткөрүштү. Мекеме өкүлдөрү акция алкагында жолдогу айдоочуларга ооз ачар баштыкчаларын таратышып, Жараткан тарабынан берилген өмүр аманат экенин эскертишип, жол эрежелерин сактоо зарылдыгын айтышты.

«Шаарыбыздагы жана шаарыбыздын конокторуна, тагыраак айтканда айдоочуларга ИИМдин ЖКККББ кызматкерлери менен бирге казыяттын ооз ачар баштыкчаларын тараттык. Жараткан Алла Таала кармалган орозолорду кабыл кылып, жакшылыктарын берсин. Ошондой эле өмүр аманат экенин эскертилип, жүргүнчүлөргө ак жол кааланып, айт майрамына утурлай айдоочуларга жакшы маанай тартууланды», — деди Ысык-Көл облустук казыятынын маалымат катчысы Адилет Самат уулу.