Чүй облусунун аймактарында «Өмүр — аманат» акциясы өткөрүлдү

КМДБ жетекчисинин тапшырмасына ылайык, аймактагы баш имам-хатибдер Чүй ОИИББ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери менен биргеликте «Өмүр аманат» акциясын өткөрүшүп, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактап, тартипке баш ийүүгө чакырышты.

«Шашмалык – кырсык чакырат» демекчи, Кыргызстанда соңку убакта жол кырсыктарынан өлүм-житимдин өтө көп болуп жатканы жаныңды кейитпей койбойт. Албетте мунун көпчүлүгү шашмалыктын кесепети. Ошондуктан ар бирибиз өзүбүздүн өлкөбүздө, өзүбүздүн шаарыбызда жол кыймылынын жогорку маданият деңгээлине көтөрүлүшүнө кызыкдар болуп, аракет көрүшүбүз керек», деп белгиледи Абдурахман ажы Анаркулов.