Акжол ажы Бакиров эл менен жолугушууларды өткөрүүдө

Ош облусунун Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондогу мечиттерге келген жамааттар менен жолугушуп, ислам баалуулуктары боюнча баяндарды айтууда.

Баш имам-хатиб жалпы элди өлкө тынчтыгын, бүтүндүгүн, ынтымагын тилеп дуба кылууга чакырып,

«Кош келдиң, Рамазан» деп кечээ орозону тосуп алган элек. Мына бүгүн зымырап эле орозо аяктап калды. Кадырлуу элим, ушул күндөрдү да канимет билип, көп дубаларды кылалы. Анткени дуба момундун эң кубаттуу куралы. Дуба менен өзүбүздү, үй-бүлөбүздү, айыл-шаарыбызды, өлкөбүздү коргоого алалы», — деп билдирди баш имам-хатиб.