Кара-Сууда 730 үй-бүлөгө 1,5 млн сомдук жардам көрсөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районунда мечит имамдары өз жамааты менен биргеликте орозонун соңку он күндүгүндө кайрымдуулук иштерин дагы да көбөйттү. Бул тууралуу облустук казыяттан билдиришти.

Айт майрамынын алдында кылынган кайрымдуулук иш-чаралары көптөгөн  муктаж үй-бүлөлөргө жагымдуу маанай тартуулады.

«Жакшылык иштерде жарышуу динибизде бааланган амал. Биздин Кара-Суу районунун жалпы эли жана дин кызматкерлери да кайрымдуулукта, бирин-бири колдоодо, кудум жарыштагыдай иш-чараларды арбын өткөрүүдө. Максатыбыз узап бараткан улуу орозо айында жалпы  момун-мусулман элибиздин дасторкону кең болуп, айт майрамын берекелүү жана шаң шөөкөттүү өткөрсө.  Жалпы элибизде токчулук жана молчулук болсо, Улуу Жараткан ушул жакшылык иштер менен жергебизге береке-пайызын жаадырса деген гана тилектебиз», -деди Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит кары Батыров.

Мечиттерде Рамазан айынын акыркы он күндүгүндө айт майрамына карата кылынган кайрымдуулуктар төмөнкүдөй:

1. «Жылкелди» мечитинен  200 үй-бүлөгө 400000 сомдук;

2. «Жалгыз-Бак» мечитинен  100 үй-бүлөгө 300000 сомдук;

3. «Каратай уулу Сатыбек» мечитинен 68 үй-бүлөгө 190500 сомдук;

4. «Савай» мечитинен 60 үй-бүлөгө 120000 сомдук;

5. «Каарман» мечитинен 40 үй-бүлөгө 100000 сомдук;

6. «Исмаил уулу Адыл» мечитинен 60 үй-бүлөгө 100000 сомдук;

7. «Абу Бакр Сыддык» мечитинен 50 үй-бүлөгө 100000 сомдук;

8. «Азирети Сулайман» мечитинен 62 үй-бүлөгө 70000 сомдук;

9. «Гулистан» мечитинен 50 үй-бүлөгө 50000 сомдук;

10. «Мамадалибек уулу Кимсанбек» мечитинен 28 үй-бүлөгө 49000 сомдук;

11. «Азатбек ажы» мечитинен 2 үй-бүлө 30000 сомдук;

12.«Чубак ажы» мечитинен 8 үй-бүлөгө 28000 сомдук;

13. «Ак-Дөбө» мечитинен 2 үй-бүлөгө 20000 сомдук кайрымдуулук кылынды.