Алай райондук хатибиятында айттык баштыкчалар таратылды

Ош облусунун Алай райондук хатибияты “Примов” кайрымдуулук фонду менен биргеликте райондогу жашы улуу аталарга орозо айт майрамына карата баштыкчаларды таратты.

Алай районунда ар дайым мечиттен үзүлбөгөн ак сакалдуу 150 атага, аны менен бирге 70 мечиттин имамдарына баштыкчалар берилип, диний сабаттуулукту арттыруу максатында “Мухтасар” аттуу китеп да белекке берилгенин хатибияттан билдиришти.

“Кудай Таала бардык кайрымдуулуктарга жакшылыктарды жана соопторду берет. Бирок, орозо айында берилген садаканын сообу алда канча жогору. Анткени, бул ай — адамдарды кайрымдуулукка үйрөткөн, барчылыктын, токчулуктун кадырын аңдаткан улуу ай. Даанышман Эгем пенделерин бири-бирине мээримдүү, камкор болууга ушул жол менен үндөйт”, — деди Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков.

Иш-чарага ЖКнын депутаты Улан Примов өзү катышып, Алай элин Орозо Айт майрамы менен жылуу куттуктады.

Эскерте кетсек, буга чейин Алай райондук хатибияты “Примов” фонду менен биргеликте эки миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөткөн.