Каракол шаарында аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыктары таратылды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы «Иброхим ажы» атындагы борбордук мечитинде Каракол шаардык хатибияты демөөрчүлөрдүн колдоосу менен аз камсыз, муктаж болгон калаа тургундарына орозо айт күнүнө карата азык-түлүк баштыктарын таратты.

Кайрымдуулук иш-чарасына Каракол шаарынын баш имам-хатиби Талант Сабриков катышып, келгендерди айт майрамы менен куттуктады.

«Туугандар, азыркы кайрымдуулукту жергиликтүү өзүбүздүн эле балдар берип жатат, кабыл кылсын. Аллах Таала кимге кааласа байлык берет, кимге кааласа бербей сынайт экен. Бирок башыбызда сыноо турган кезде ушинтип колу ачыктык кылып, Рамазан айынын жана айттын урматына жардам колун сунуп аткан бир туугандарыбызга дуба кылалы. Кудай Таала ырыскысына береке, өзүнө, үй-бүлөсүнө ден соолук берсин», — деп баш имам-хатиб батасын берди.

Рамазан баштыктарынын жалпы саны 50 даана болуп, ар биринде 2500 сомдук азык-түлүк салынды.