Айдаркен шаарында 150 миң сомдук кайрымдуулук таратылды

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Айдаркен шаарынын борбордук мечитинин имамы Абдимуталиб Усмановдун демилгеси менен айт майрамга карата Москва шаарында эмгектенип келген шаар тургундары тарабынан түзүлгөн «Айдаркен коомунун» кезектеги кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү.  

Иш-чара алкагында Айдаркен шаарында аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндөгү жардам жана «Айдаркен Азирети-Али «медресесине 1000 кг ун баш болгон жалпы наркы 150 миң сомдук жардам көрсөтүлдү.