Сокулукта 30 үй-бүлөгө Рамазан баштыкчалары таратылды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы «Равза» медресесинин мүдүрү Өскөнбай ажы Каландаровдун демилгеси менен 30 муктаж үй-бүлөгө айттык баштыкчалар таратылды.

«Бул айларда аткарылган кайрымдуулуктар башка айларга караганда сооптураак болот. Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн жасалган бардык иштер үчүн  эселеп сооптор жазылат. Бул тууралуу пайгамбарыбыз (с.а.в) мындай деп айткан: «Адамдардын эң жакшысы башка адамдарга пайдасы тийген адам». Андыктан Рамазан айында жана андан кийин кылган жакшы иштерибизди Аллах Таала кабыл кылсын», — деп билдирди Өскөнбай ажы Каландаров.