Алай райондук хатибиятында жалпы имамдарга жыйын болуп өттү

Ош облусунун Алай райондук хатибиятында райондун аймагында дин кызматын өтөп жүргөн мечит имамдарына жыйын болуп өттү.

Жыйынды райондун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков баштап, учурдагы маанилүү маселелерге токтолду. Ошондой эле уруулар аралык ынтымак, динде аша чабуунун жаман акыбети, жарандардын социалдык муктаждыктарын камсыздоо, орозо фитрдин жыйналуусу боюнча  бир катар тапшырмаларды берди.

“Борбордук мечиттерибизде айт намазын жакшы өткөрүп алдык. Куттуу Рамазан айын да жакшы узатып алдык. Эми фитир-садаканы жыйноодо жана өз даргенине жеткирүүдө дыкат, аманатчыл, так иш алып баралы. Ошондой эле мечитке келген жарандарга шарттарды түзүп берүү жана жогорку деңгээлде үгүт-насааттарды үзгүлтүксүз жүргүзүүнү колго алыңыздар”, — деди Эмирлан ажы Бообеков.