Ош шаарында миңден ашуун жаш балага орозо айттык белектер таратылды

Кечээ, 10-апрель күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыяты жана “Себепкер” кайрымдуулук фонду биргеликте уюштурган «Айт маарек» аттуу иш-чара өткөрүлүп, жаш балдарга белектер таратылды. 

Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов айт майрамында жаш балдардын көңүлүн көтөрүп, аларга ушундай шартта оюн-зоокторду өткөрүүнү жана исламда белгиленген майрамдардын бири Орозо Айт майрамын да жылдан-жылга ушундай деңгээлде өткөрүүнү айтып, жалпы катышуучуларды айт майрамы менен куттуктады. 

Белгилей кетсек, “Себепкер” фонду майрамга келген жаш балдардын ар бирине белектерди берип, аларга жагымдуу маанай тартуулады.