«Ыйман» мечити мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга айттык дасторкон жайды

Кечээ, 10-апрель күнү борбор калаадагы «Ыйман» мечитинин жамааты шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга айттык майрам уюштуруп, атайын дасторкон жайды.

«Орозо айт майрамынын урматына калаадагы сүйлөй албаган, укпаган азиз бир туугандарыбызга майрамдык маанай тартуулап, атайын дасторкон жайдык. Биздин мечит буга чейин да кайрымдуулук багытында иш-чараларды өткөрүп, өзгөчө коомдун аярлуу катмарына көңүл буруп, алардын бата-дубасын алып келебиз. Бул жолку иш-чарабыз да жакшы өттү, алхамдулиллах», — деп билдирди демилгенин автору жана мечиттин имам-хатиби Ниматулла ажы Рыскулов.

Ислам дининде айт майрамдардын ролу зор экенин, исламий майрамдардын  шарапаты менен замандаштарга кубаныч тартуулоо жакшы жөрөлгө экенин айткан Жоробай ажы Шергазиев буларга токтолду: «Эң жакшы амалдардын бири башка мусулман бир туугандын жүрөгүнө кубаныч тартулоо экенин пайгамбарыбыз (с.а.в.) билдирген. Ушул сүннөттү тирилтүү максатында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кубантып, аларга балмуздак, таттууларды тараттык. Биздин демилгебизди колдоп, демөөрчүлүк кылган жамаатыбызга терең ыраазычылык билдиребиз».