Жети-Өгүздө имамга автоунаа белек кылышты

(иллюстрациялык сүрөт)

Кечээ, 10-апрель — улуу орозо айт күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Аң-Өстөн айылынын имамы Кылыч Термеевге айыл элинин атынан автоунаа белекке берилди. Аталган айыл тургундары демилге көтөрүшүп, каражат топтошуп, Термеевдин 18 жылдан бери айылда имамдык кызматты аркалап келгенин баалап, ыраазычылык катары «Фольксваген Гольф» үлгүсүндөгү унааны белек кылышты.

Ак кызматы бааланып турган имам ыраазы болуп, эл-журтуна ыраазычылык билдирип, айт майрамдары менен куттуктап, Жараткан Алла Тааладан айыл, Мекен үчүн жакшылыктарды тилеп, дуба кылды.

Белек кечээ, 10-апрель күнү айт намазы окулуп бүткөн соң тапшырылды.