Нарында бир катар имамдар эл тарабынан сыйланып, айрымдары автоунаалуу болушту

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын имамы Жаманак Карабаевге айыл элине 30 жыл имамдык кызмат өтөгөнү бааланып, 1982-жылдан 2005-жылга чейин туулган жаштардын  демилгеси менен имамга автоунаа белек кылынды.  

Ошондой эле Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылы имамы Омуркул Байтерековго 22 жыл имам болуп иштегендиги үчүн 1980-жылдан 1999-жылга чейинки туулган айыл жаштары  унаа мигизишип, имамдын орозо майрамдык маанайын көтөрүштү.

Ал эми ушул райондун Жалгыз-Терек айылынын имамы Каныбек Кожомкуловко 8 жыл имамдык кызмат өтөгөндүгү үчүн музоолу уй жана майда жандыктарды тапшырышты.

Ошондой эле Кочкор районуна караштуу Комсомол айылынын имамы Сүйөркул Калмамбетовго 1978-жылдан 2000-жылга чейин туулган айыл тургундарынын демилгеси менен алдына автоунаа мингизилип, имамдык ишине ыраазычылык билдирүү менен куттуктоолор айтылды.

Айт майрамынын урматына Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын имамы Качкынбек Чалаказак уулуна айыл тургундары имамдын 25 жылдык эмгегин баалашып, Умрага жолдомо сертификатын тапшырышты.

Мына ушундай кубанычтуу белектер  айт намазынан кийин имамдарга айыл тургундары жана уюштуруучулар тарабынан тапшырылды.

Эске сала турган болсок, акыркы жылдары жалпы эле республикабызда айыл имамдарынын эл үчүн кылган эмгектери жергиликтүү тургундардын, өзгөчө жаштардын колдоосуна алынып, ыраазычылык белектер байма-бай берилүүдө.