Бөкөнбаев айылында жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы уюштурулду

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында айт майрамы өзгөчө шаң менен өткөрүлдү. Бул тууралуу казыяттан маалымдашты. Айт күнүнүн улуулугун, мусулмандардын майрамы экендигин жаш өспүрүм балдарга үйрөтүү максатында айыл тургундарына жана балдарга арналган салтанаттуу иш-чара болду.

Иш-чараны Тоң районунун хатибияты жана айыл жаштары уюштурду. Айт майрамына арналган иш-чарада балдар үчүн Куран жарышы өткөрүлүп, балмуздактар, айттык баштыкчалар таратылса, чоңдор үчүн викториналар уюштурулуп, суроого туура жооп бергендерге сыйлыктар берилди. 

Куран жарышы боюнча уландар жана кыздар арасында Курандын акыркы 20 сүрөсүнөн болуп, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектер берилди. Калыстар тобунун чечими менен кыздар арасында:

1-орунду Таалайбек кызы Халима,

2-орунду Таалайбек кызы Хадижа,

3-орунду Токчиева Алия ээлесе, ал эми эркек балдар арасында:

1-орунга Мырзакулов Нур-Ахмад,

2-орунга Үсөнов Абдулло,

3-орунга Таалайбек уулу Мухаммад ээ болушту.

Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек Акунов: «Сынактын жана майрамдык иш-чаралардын уюштурулуу максаты, айт мусулмандардын майрамы болгондон кийин элге майрамдык маанай тартуулоо менен бирге ислам дининин баалуулуктарын жеткирүү болуп саналат. Иш-чарабыз буюрса максатына жетти деген ойдомун. Жараткан Алла Таала жакшылык иштерибизди кабыл кылсын. Келерки айттарга, орозолорго аманчылыкта жеткирсин», — деди.