Ошто Орозо Айт майрамына карата спорттук мелдеш өткөрүлдү

Бүгүн, 11-апрель күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Ош облустук мусулмандарынын казыяты тарабынан демилгеленип, Конфессиялар аралык кеңештин спорттук иш-чарасы өткөрүлдү.

Аталган мелдешке Ош облустук казыяты, диний уюмдар, журналисттер, диний окуу жайлардын студенттери менен мугалимдеринен түзүлгөн команда жана умра туристтик фирмаларынан куралган команда катышты.

Спорттук мелдештин башында Ош облустук казыятынын кызматкери Алибек ажы Жусупов, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын өкүлү Хамидулла Исмаилов жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалашты.

Спорттук иш-чаранын негизи максаты мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы тыгыз байланыш, гуманитардык, тынчтыкты камсыздоо, социалдык маселелерди чечүү боюнча кызматташтыкты мындан ары да ийгиликтүү улантуу болуп саналат.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Диний окуу жайлардын мугалимдери, 2-орунду журналисттер, ал эми 3-орунду христиан диний уюму багындырды. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Айта кетсек, Ош шаары жана Ош облусу боюнча конфессиялар аралык кеңеши КР ДИМК тарабынан диний уюмдардын өз ара мамилелерин чыңдоо, мамлекеттик башкаруу органдары менен конфессиялардын ортосунда ийгиликтүү кызматташтыкты орнотуу максатында түзүлгөн.