Кара-Сууда имамга Айт майрамына карата умра сапарына жолдомо берилди

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл аймагында жайгашкан «Маданият» мечитинин имам-хатиби Исламбек Ташматовго мечиттин жамааты айт намазы аяктаган учурда имамды Орозо Айт майрамы менен куттуктап, умра сапарына жолдомо белек кылышты.

Аталган мечиттин имамы жергиликтүү тургундардын диний билимин жогорулатууга, жаштардын туура тарбиялануусуна кошкон эбегейсиз чоң кызматын мечит жамааты баалап, ыраазычылык иретинде берилген белеги имамга өзгөчө майрамдык маанай тартуулады.

Өз кезегинде имам элдин берген белегине, көрсөткөн сыйына ыраазы болуп, өз рахматын айтты:

«Урматтуу жамаат, силердин айт күнү мага берген белегиңер мени абдан кубантты. Сиздерден Кудай Таалам ыраазы болсун, тапкандарыңарга береке берсин. Ынтымагыбыз мындан да бекем болуп, сооптуу иштерди бирге көп-көп аткара берели», – деп Исламбек Ташматов жамаатка ыраазычылык айтты.