Баткенде 24 саат бою Куран окула баштады

Баткен облустук мусулмандарынын казыятында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасынын негизинде Баткен казыяты облустагы райондук, шаардык хатибияттар менен биргеликте Баткен телеканалынын техникалык колдоосу аркылуу «24 саат Куран хатм» саамалыгынын ачылыш аземин өткөрдү.

Куран окуу иш-чарасын облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров  өзү ачып, кереметтүү Курандын алгачкы беттерин окуу менен «24 саат хатм» демилгесине старт берди.

Эми облус аймагы боюнча Куранды толук жаттаган карылар кезектешип бир ай бою 1-2 сааттан 24 саат  Куран окуйт.

Белгилей кетсек, 24 саат Куран окуу саамалыгы алгачкы ирет Бишкек шаарында старт берилген. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусунда да уюштурула баштаган. Жалал-Абад казыяты саамалыкты Ош облусуна, Ош облустук казыяты 1 айдан соң Ош шаарына, ал эми Ош шаардык казыяты Баткен облусуна өткөрүп берди.