Кара-Сууда айт майрамына карата 263 үй-бүлөгө 959000 сомдук жардам көрсөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районунда мечит имамдары өз жамааты менен биргеликте орозо айт майрамына карата кайрымдуулук иш-чарасын дагЫ да көбөйттү. Айт майрамына карата кылынган кайрымдуулук иш-чаралары муктаж үй-бүлөлөргө кубаныч тартуулады.

«Орозо айт майрамы куттуу-берекелүү  майрам. Эзелтен касиеттүү калкыбыз бул майрамды ата-энеге, тууган-уруктарга жакшылык кылуу менен, муктаждарга жардам берип, аларга жагымдуу маанай тартуулоо менен, бири- бирин айт майрамы менен куттуктап, кубантуу менен өткөзгөн», — деди Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит кары Батыров.

Мечиттерде Рамазан айт майрамына карата кылынган кайрымдуулуктар төмөнкүдөй:

1. «Беш-Капа»мечитинен 50 үй-бүлөгө 200000 сомдук;

2. «Падаван» мечитинен 45 үй-бүлөгө 162500 сомдук;

3. «Ар-Рахма» мечитинен  30 үй-бүлөгө 150000 сомдук;

4. «Ак-Дөбө» мечитинен 24 үй-бүлөгө 140000 сомдук;

5.«Азатбек ажы» мечитинен 35 үйбүлөгө 94000 сомдук;

6. «Отуз-Адыр» мечитинен 18 үй-бүлөгө 60000 сомдук;

7. «Жакып Салиев» мечитинен 20 үй-бүлөгө 48000 сомдук;

8. «Маданият» мечитинен 10 үй-бүлөгө 35000 сомдук;

9. «Кызыл-Сарай» мечитинен 15 үй-бүлөгө 30000 сомдук;

10. «Шерали» мечитинен 7 үй-бүлөгө 20000 сомдук;

11. «Немат Хажы» мечитинен 9 үй-бүлөгө 20000 сомдук жардам берилди.