Кызыл-Сууда аз камсыз үй-бүлөлөргө айттык баштыктар берилди

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында райондук хатибият тарабынан аз камсыз үй-бүлөлөргө айт күндөрүнө карата азык-түлүк баштыктары таркатылды. Кайрымдуулук иш-чарасына Жети-Өгүз районунун администрация башчысы-аким Эрмек Бахавадинов, Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Эшмамбетов, ардагерлер кеңешинин төрагасы Асан Султаналиев, райондун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу катышты.

Саамалыкка келген коноктор иш-чара катышуучуларын Айт майрамы менен куттукташып, Жараткан Алла Тааладан жакшылыктарды тилешип, даярдалган азык-түлүк баштыктарын ээлерине тапшырышты.

Жети-Өгүз районунун баш имам-хатибинин билдирүүсүндө, аталган кайрымдуулукка «Кызыл-Суу» борбордук мечитинин жамааты жана айылдагы кайдыгер карабаган жарандар демөөрчүлүк кылышкан.  Баштыктарга негизги керектелүүчү азыктар салынып, ар биринин наркы 3000 сомду түзүп, 50 даана даярдалган. Жардам алгандар демөөрчүлөргө ыраазычылыктарын айтып кайтышты.