Арстанбек уулу Жусупбек: «Тынчтык болсо гана ибадат жана жакшылык иштерди жасай алабыз»

Бүгүн, 12-апрель күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатибинин орун басары Жусупбек Арстанбек уулу аскердик бөлүктөгү жоокерлер менен жолугушуп, Мекенди сүйүү, адеп-ахлак жана ислам баалуулуктары тууралуу баяндама жасады.

«Сиздердин кызматыңыздар жоопкерчиликтүү болуу менен бирге шариятыбызда сооптуу амал деп да айтылат. Анткени тынчтык болсо гана ибадат жана жакшылык иштерди жасай алабыз. Аллахым сиздерге күч-кубат берсин. Ушундай сооптуу амалды аткарууда адеп-ахлакка, мамилеге жана үй-бүлөгө көңүл бурууну эстен чыгарбоо керек», — деди Арстанбек уулу.

Ал баяндамасынын соңунда жоокерлердин кызыккан диний суроолоруна жооп берип, иш-чара жыйынтыкталды.