Ош шаары жана Ош облусунун имамдарына «Мухтасар аль-Викая» китеби таратылды

Ош шаарынын борбордук «Имам Аль-Бухарий Алай» мечитинде дин кызматкерлерине жыйын болуп, «Примов» фондунун демөөрчүлүгү менен Ош шаары жана Ош облусу боюнча жалпы имамдарга «Мухтасар аль-Викая» китеби таратылды.

«Мухтасар аль-Викая» китеби Ош шаары жана Ош облусу боюнча ар бир мечит имамына бирден берилип, бир айдан соң, ушул китеп боюнча конкурс өткөрүлө тургандыгы айтылды. 

Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов жалпы имамдарга «Мухтасар» китеби боюнча конкурс өткөрүлгөнү абдан жакшы экенин, анткени бул китепти дагы да кайталоого мүмкүнчүлүк болорун жана орун алган имамдарга акчалай сыйлыктар берилерин айтты.  

Бул убакыт аралыгында мечит имамдары китепти бир катар кайталап алууга мүмкүнчүлүк болору тууралуу Ош облустук казыятынын кызматкери Алибек ажы Жусупов билдирип,

«Имамдарыбыздын билим деңгээли жакшы. Китеп конкурсту өткөрүү менен имамдарыбызга билгендерин кайталап алуусуна мүмкүндүк түзүп берүүнү пландаганбыз. «Инсан – унутчаак» демекчи, балким унутуп калган маселелери болсо, кайталоо аркылуу бекемделип калсын деген ниетибиз бар. Мындай иш-чараны өткөрүүгө колдоо көрсөтүп жаткан «Примов» фондуна терең ыраазычылык билдиребиз», – деди казыят кызматкери.