Ошто медресе жаштарына «Ден соолук негиздери» боюнча семинар өткөрүлдү

Ош шаарындагы «Sun Rise» мейманканасынын жыйындар залында КМДБ жана «Мутакаллим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси менен биргеликте диний жамааттардын, өзгөчө жаштардын жана аялдардын репродуктивдүү укуктары жана ден соолук маселелери боюнча бардык деңгээлдеги билимдерин жана жөндөмдөрүн кеңейтүүгө багытталган эки күндүк семинар болуп өттү.

Семинарда КМДБнын даават, үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров, ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош облустук казыятынын кызматкери Алибек ажы Жусупов, «Мутакаллим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы жана Гулназ Исаева баяндама жасашып, ага Ош облусундагы «Абдурахман ибну Ауф, «Абу Ханифа» ж.б. медреселердин өкүлдөрү катышты.

Иш-чара жыйынтыгында активдүү катышкан катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.