Кара-Сууда жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүндөгү Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинде жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ата-энелер чогулушу болуп, ага Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жооптуу имам-хатиби Темирлан ажы Токоев, Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынын, Кара-Суу райондук өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн жетекчилери, мектеп мугалимдер жамааты жана ата-энелер катышты.

Аталган жыйында Темирлан ажы Токоев сөзгө чыгып, ислам дининде адам акыларына катуу көңүл бурула тургандыгы жөнүндө айтып өттү.

«Динибиз инсандарга, жаныбарларга жана табиятка зулумдук кылбоого үйрөтөт. Ошол себептен, мусулман адам тили менен да, колу менен да башкаларга зыян келтирбейт. Балдарыбызга таалим-тарбия берүүдө ислам баалуулуктарын кененирээк үйрөтүүбүз керек», – деди Темирлан ажы Токоев.