Өзгөндө жалпы имамдарга жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 15-апрель күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондогу жалпы имамдарга жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди.

— Мечиттин тазалыгы, ишембилик иш-чараларына активдүү катышуу;

— Имамдык жоопкерчилик;

— Элди ынтымакка чакырып, биримдикти бекемдөө;

— Облус боюнча имамдар арасында өткөрүлө турган конкурска даярдыктар көрүү.

«Рамазан айында элибиз бир кыйла сабырдуулукту бекем алышты окшойт. Эми калган он бир ай бою да жакшы адеп менен жүрүүсү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, байма-бай эскертип туруу керек», – деди Акжол ажы Бакиров. Ошондой эле ал Ош облусу боюнча имамдар арасында өткөрүлө турган конкурска даярдануу үчүн имамдарга «Примов» фонду тарабынан берилген «Мухтасар аль-Викая» китебин тапшырды.