Азирети Муфтий: Биздин кадамдар мындан кийин такыр башка нукка бурулат

Бүгүн, 16-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ысык-Көл, Нарын, Талас , Чүй облусу жана Бишкек шаарынын казыларын кабыл алды.

Облус казылары менен жолугушууда Азирети Муфтий аймактагы диний кырдаал, имамдардын билимин жогорулатуу, казыяттардын ишмердүүлүгүнө шарттарды түзүп берүү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуу, коомчулукка терс диний агымдар, Ханафий мазхабы жана Матурудий акыйдасы боюнча баяндамаларды жасоо, зордук-зомбулукту токтотууда тынымсыз иштөө жаатында пикир алышты.

«Биз социалдык тармакка назар салып турабыз. Интернет айдыңында акыркы болуп жаткан зордук-зомбулуктардын, жол кырсыктарынын көбөйүшү адамдын зээнин кейитет. Ушул жаатта жума баяндарында баяндамаларды жасап, эл менен иштейли. Муну менен катар имамдардын билим деңгээлдерин жогорулатып, аларга квалификациялык курстарды, семинарларды өткөрүү зарыл. Ошондой эле казыяттардагы кызматкерлерге жакшы шарттарды түзүп берүү менен бирге жоопкерчиликтерин күчөтүү керек»,-деди Азирети Муфтий.

Ошондой эле жолугушууда садака-фитирдин топтолушун толугу менен электрондоштуруу, атайын тиркемелерди иштеп чыгуу жана жер-жерлерде атайын көчмө жыйындарды өткөрүү, райондук хатибияттардын имараттарын түптөө жаатында сүйлөшүштү.

«Биздин кадамдар мындан кийин такыр башка нукка бурулат. Мындан ары  бир гана эл кызматына иштөө менен алек болобуз! Биздин мамлекет тынчтыкта өкүм сүрсө, балдарыбыздын келечеги кең болот. Андыктан жалпы диний тармакта биргеликте иштеп, бири-бирибизге колдоо көрсөтөлү»,-деди Азирети Муфтий.