Кумарбек Орозалиев: «Таарынышып тар болбой, кечиришип кең бололу»

Нарын облустук казыяты «Адеп Башаты» диний уюму менен биргеликте “Кечиримдү Бол”  аталыштагы ыйман кечесин уюштурду. Ыйман кечеси М.Рыскулов атындагы Нарын драма театрында болуп өттү.  Бул кечеге Нарын облусунун казынын орун басары Кумарбек Орозалиев, «Адеп Башаты» диний уюмунун Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Жумалиев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Ыйман кечесинде  кечиримдүүлүк тууралуу баяндар, акындардын санат ырлары менен турмуштан алынган тарбиялык багыттагы сахналаштырылган көрүнүштөр коюлду. 

Кечеге катышкан казынын орун басары Кумарбек Орозалиев: «Негизи биз айта турган сөздөрдү сиздер өз көздөрүңүздөр менен көрдүңүздөр окшойт. Биз дагы бир күлүп, бир ыйлап, ички дүйнөбүз бошой түштү. Мени кечирип койчу деген сөзгө сараңдык кылганыбыздан улам мына мындай балдардын ташталышы, достордун жүз карашпай жүрүүсү, жаш үй-бүлөлөрдүн бузулушу келип чыгууда. Андыктан ар бир иштен сабак алып, аз күндүк өмүрдө таарынышып тар болбой, кечиришип кең болуп жашайлы», – деди.