Таласта медреселер аралык Куран жарыш уюштурулду

Талас районунун Манас айылында облустук деңгээлде медреселер аралык Куран жарыш болуп өттү. Аталган саамалыкка Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кенжатай ажы Курманходжаев, казынын орун басары Өмүрзак ажы Абдысамат уулу, Бишкек шаарынан белгилүү карылар Абдыкалык кары Эшматов, Имамали кары Тажибаев жана республикалык Куран жарыштын жеңүүчүсү  Дастан Эркинбек уулу калыстык кылышты.

 Жарыш Курандан 20 пара, 10 пара, 5 пара жана 1 пара боюнча өткөрүлдү. Облустук деңгээлде уюштурулган конкурска жалпы 80  студент катышты.

 Куран жарышта 20 парадан алдыңкы орунду ээлеген «Халима-Иная» медресесинин студенти Нурмухаммед кары Жолдошовго умрага жолдомо берилсе, ал эми калган оорунга ээ болгон студенттерге баалуу белектер, үй-тиричилик буюмдары жана акчалай сыйлыктар берилди.   

Казы орун басарынын билдиришинче, Куран жарыш Манас айылынын тургуну Чубак уулу Нурландын жаркын элесине арналып, анын ата-энеси жана бир туугандары тарабынан уюштурулган. Жалпы байге фонду 235 миң сомду түзгөн.