Баткенде аялдар арасында истигфар айтуу боюнча жарыш өттү

(иллюстрациялык сүрөт)

Баткен облусунда айымдар үчүн Рамазан айында башталган онлайн истигфар жарышынын жыйынтыгы чыгарылды. Сынакка жалпы 50 аял катышып, алдыңкы он беш орунга Куран китеби жана кызыктыруучу белектер берилип, 1-2-3-орунду камсыз кылган жеңүүчүлөргө Ташкент шаарына эс алууга жолдомолор берилди.

Конкурс Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын аялдар менен иштөө адиси Уулкан Дүйшееванын демилгеси менен уюштурулган.

Жарышта төмөнкү катышуучулар жеңишке жетишти.

1-орун – Кенжебай кызы Мадина;

2-орун – Нарматова Наргүл;

3-орун – Садиллаева Мубина.

Сынакта тапшырма катары сунушталган Истигфар: 

Истигфарлардын эң абзели, кечирим-тооба кылуу сөздөрдүн төрөсү, эң жакшысы

Саййид аль-истигфар

Арабча жазылышы:

اللهم أنت ربي لا إله إلا أنت خلقتني وأنا عبدك وأنا على عهدك ووعدك ما استطعت، أعوذ بك من شر ما صنعت، أبوء لك بنعمتك علي، وأبوء بذنبي، فإنه لا يغفر الذنوب إلا أنت

Кыргызча жазылышы: «Аллахумма анта Раббии, лаа илааха илла анта. Холактании ва ана ъабдука. Ва ана ъалаа ъахдика ва ваъдика мастатоъту. Аъуузу бика мин шарри ма сонаъту. Абуу’у лака би ниъматика ъалаййа ва абуу’у бизанбии. Фагфир лии фа-иннаху лаа йагфиру-з-зунуба илла Анта»

Мааниси:

 Оо, Аллахым, сен менин Раббимсиң, сенден башка илах Кудай жок. Сен мени жараттың, мен сениң кулуңмун. Сени менен болгон келишимге жана убадама күчүм жетишинче турамын. Кылган иштеримдин жамандыгынан Сенден коргоо тилейм. Мага болгон нээматтарыңды билем, күнөөлөрүмдү да билем. Чындыгында Сенден башка эч ким күнөөлөрдү кечирбейт. (Бухари)