КР балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Оштогу ДОЖдорду зыярат кылды

Бүгүн, 16-апрель күнү Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, КМДБнын даават, үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров, балдарды өнүктүрүү боюнча эксперттер Гульмира Каримова, Адилет Бейшенов, Ош облустук казыятынын кызматкери Алибек ажы Жусупов жана «Мутакаллим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы болуп, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы «Абдыжапар» ислам институту, «Жабир» кыздар медресеси жана «Салиха» атындагы аялдардын диний окуу борборун зыярат кылып, студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда Султанали ажы Гапуров «Абдыжапар» атындагы ислам институту өлкөбүздөгү алгачкы диний окуу жайлардын бири экендигин, аны бүтүргөндөр диний тармактарда ар түрдүү кызматтарда иштеп келе жаткандыгын кыскача айтып өттү.

Ошондой эле диний окуу жайларда билим алып жаткан студенттердин эл-журттун керегине жараган инсандардан болушун тилеп, окууларына ийгиликтерди каалашты.