«Мухаммадия» мечитинин жамааты жардамга муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратты

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы «Мухаммадия» мечитинин имамы Нурсултан ажы Назарбаевдин демилгеси менен мечиттин жамааты жалпы баасы 54 миң сомду түзгөн кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү.

«Мечит жамааты менен биргеликте турмуштун сыноосу менен оор абалга дуушар болгон үй-бүлөлөргө кичине болсо да акчалай жардам көрсөттүк. Анткени бул нерсе ислам дининин талабы. Ислам дининде «алган колго караганда берген кол артык» деп айтылат. Ошондуктан бул сөзгө амал кылуу менен мечит жамаатынын колдоосу менен муктаждарга соопчулук иштерин уюштуруп жатабыз. Жардам алган үй-бүлөлөр ишкерге ыраазычылык билдиришти.  Буйруса келечекте дагы ушундай жакшы иштерди уюштурабыз”, — деди мечит имамы Нурсултан ажы Назарбаев.