Кара-Кулжа имамдарына «Мухтасар аль-Викая» китеби таратылды

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев райондогу жалпы имамдарга «Мухтасар аль-Викая» китебинен өтүлүүчү конкурска даярдануу үчүн ар бир имамга бирден китеп берилди.

«Буйруса, бир айдан соң ушул китеп боюнча облустук деңгээлде имамдар арасында конкурс өткөрүлөт. Биздин максат китепти окуу менен имамдарыбыз билгендерин кайталап алуусу болуп саналат. Ошондой эле, беш кол тең эмес демекчи, балким айрым имамдарыбыз билбеген маселелери боюнча кеңири маалыматка ээ болот деп ишенебиз», – деди Дастан ажы Мамаев.

Айта кетсек, Кара-Кулжа району боюнча жалпы 63 мечит бар.