Нарындагы мектеп окуучуларына жыйын өтүп, экстремизмдин кесепеттери айтылды

Нарын шаарындагы бардык орто мектептин окуучуларына экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча кезектеги түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү. Саамалыкка УКМК терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүүнүн башчысы Максатбек Эргешов, НОИИБдин ЭММКАКтын өкүлү  Рахатбек уулу Абдыжапар жана Нарын казыятынын казынын орун басары Кумарбек Орозалиев катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш жеткинчектердин туура эмес агымдарга баш багып кетүүсүн алдын алуу жана өлкөдө канча дин агымы бар экени, алардын ичинен канчасы каттоодон өтүп, канчасына тыюу салынганы тууралуу маалыматтар кеңири берилди. Эгерде тыюу салынган агымдарга аралашып, билбестик менен интернет желесинен маалыматтарын бөлүшкөн жарандардын жаш-курагына карабастан мыйзам чегинде кылмыш иши козголору айтылды.