Бекназар ажы Жапаров: «Кээ бирөөлөр үчүн кайталоо болсо, айрымдарына үйрөнүү»

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров Кеңеш айыл өкмөтүндөгү жалпы имамдарга жыйын өткөрдү.

Жыйында жума баяндарына, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жакшы даярдык көрүү эскертилди. Ошону менен бирге төмөнкү маселелер боюнча тапшырмалар берилди.

— Ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин токтотпоо;

— Жаштардын таалим-тарбиясын жакшыртуу боюнча иш-чараларды уюштуруу;

— Диндеги аша чабуулардан оолак болуу;

— Диний билимди күн сайын өркүндөтүү.

«Ош облустук казыяты тарабынан өткөрүлө турган китеп окуу конкурсу кээ бирөөлөр үчүн кайталоо болсо, айрымдарына үйрөнүү болуп саналат. Адам бир калыпта туруп калбайт. Же алдына карай өсүү же артка карай түшүү болот. Ошол себептен диний билимди күн сайын өркүндөтүү керек. Бул конкурс китеп окууга шыктандыруу үчүн бир себеп болууда. Ар дайым китеп окуп, илим изилдөөчүлөрдөн бололу. Анткени илим түгөнбөгөн байлык. Аны бешиктен кабырга чейин алып да, үйрөнүп түбүнө жете албайбыз», – деди Бекназар ажы Жапаров. Айта кетсек, Кеңеш айыл өкмөтүндө 25 мечит орун алган. Анын ичинен 3 өөндө жума окулат.