Кара-Сууда үйү өрттөнүп кеткен жаранга жардам көрсөтүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы «Имам ат-Термизий» мечитинин имам-хатиби Абдумутал Урмановдун демилгеси менен жергиликтүү мечит жамааты мечиттин айланасындагы үйлөрдүн биринде өрт чыгып, үйү өрттөнүп кеткен жаранга 50 миң сомдук акчалай жардам беришти.

«Мындан бир жума алдың тилсиз жоодон улам, үйү өрттөнүп кеткен жаранга жергиликтүү жамаат менен биргеликте жума күнү элден акча чогултуп, мечиттин эсебинен да кошуп 50 миң сом акчалай жардам бердик. Буйруса курулуш материал жагынан да жардам көрсөтөм дегендер чыгууда», – деди мечит имам-хатиби Абдумутал Урманов.