Азирети Муфтий Бишкек шаарынын мэри менен жолугушту

Бүгүн, 18-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Бишкек шаардык мэриясын зыярат кылып, калаа мэри Айбек Джунушалиев менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында тараптар биргелешкен пландар боюнча талкуу өткөрүштү.

Шаар мэри КМДБ жетекчисинин иштерине ийгилик каалап, борбордогу автотыгындарды азайтуу жана ишембиликтерди уюштуруу жаатында сунуштарын ортого салды.
Ал эми Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров жылуу маанайдагы жолугушуу үчүн шаар мэрине ыраазычылык билдирип, буларга токтолду:

«Алла Таала насип кылса, тиешелүү мекемелер менен биргеликте диний-руханий жаатта агартууга басым жасайбыз. Ошону менен бирге эле калаада сиздердин тиешелүү бөлүмдөр менен ишембиликтерди өткөрүүгө, таза шаарга салым кошууга командабыз менен дайыма даярбыз. Анткени шариятыбызда тазалыкка зор маани берилет. Момун-мусулмандын денеси, кийим-кечеси, үй-жайы жана айлана-чөйрөсү таза болууга тийиш».

Азирети Муфтий өз сөзүндө унааны жоопкерчилик менен колдонуу, жол эрежелерин так сактоо, жарандардын жол акысына кирбөө жаатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын, куттуу Рамазан айында КР ИИМдин ЖКККББсы менен биргеликте баш калаада жана өлкө аймагында «Өмүр – аманат» акциясы өткөрүлгөнүн кошумчалады.